Баткенде мектепти 5647 бүтүрүүчү аяктоодо

0
566

Бүгүн, 9-июнда Кыргызстандын бардык  мектептеринде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүп жатат.

Аталган саамалык, Баткен облусундагы мектептерде да белгиленүүдө.

Баткен облусутук гимназия-жатак-мектебиндеги  салтанатка,  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков  катышып, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон, үч бүтурүүчүнү куттуктады.

Алар аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү: Азимов Алмаз, Кумарбек кызы Жасмина жана Саитбурканов Ырыскелди.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, 2021-2022-окуу жылында өлкө боюнча 9-классты 106 миң 219 бүтүрүүчү, 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктоодо.

Ал эми Баткен облусу  боюнча жалпысынан 9-классты 8594, 11-классты 5647 окуучу бүтүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here