Баткенде ишкерлердин укугун корголушун талкуулаган иш чара өттү

0
766

Бүгүн, 30-апрелде Баткен шаардык мэриясында ишкерлердин укуктарынын корголушун талкуулаган жыйын өттү. Жыйынга аймактагы ишкерлер, Салык кызматынын өкүлү, облустук прокуратуранын  кызматкери катышты.

Облустук пракуратура жеке ишкерлер менен буга чейин да мыйзам талаптарын түшүндүрүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча бир нече жолу жолугушуларды өткөргөнүн, жакшы жыйынтык берип жатканын белгилейт.

Жыйын суроо жооп иретинде өтүп, анда ишкерлер салык боюнча суроолорун узатышып, жооп алышты. 

Бул жыйында өлкө башчы Садыр Жапаровдун ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий жарыялаган жарлыгына кирген өзгөрүүлөр  боюнча маалыматтар берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here