Ур токмокко алынган жоокердин иши боюнча кылмыш иши козголду

0
519

Башкы прокуратурадан жоокерди сабады деген прапорщик кармалганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, №86123 аскер бөлүгүнө текшерүү уюштурулуп, катардагы жоокер Б.Эсенбеков Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткырылгандыгы тастыкталган.

Аталган факты боюнча, Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалган. Бул тууралуу анын жакындары да  айтып чыкканы белгилүү.

Алардын маалыматына ылайык, 31-майдан 1-июнга караган түнү ал нөөмөттө турганда сабалган.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, «Кабар» маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында,  жоокердин сабалышы боюнча, тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү максатында алты аскер кызматкери иштен четтетилгенин билдирди.

Ошондой эле «Азыркы учурда жоокерге операция жасалган. Дарыгерлер анын абалын орто оор деп баалашууда. Министрлик тарабынан бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп, дары-дармек жана каражат менен камсыздалууда деди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here