УКМК Сүлүктүдөгү пост боюнча маалымат берди

0
1841

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Сүлүктү шаарындагы «Кольцо» транспорттук көзөмөл постуна барганы тууралуу социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча маалымат таратты.

Постко барган учурда айдоочулардан бул пост аркылуу өткөнү үчүн акча талап кылынат деген нааразычылыктар жана бул пост мыйзамсыз иштеп жатат деген арыздар түшкөн.

Буга чейин бул боюнча тийиштүү органдарга кайрылуулар түшкөн эмес. Посттун кызматкерлери кызматтык күбөлүгү жок иштейт деген божомолдор да далилденген эмес.

Бул боюнча жергиликтүү бийлик органдары «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттарынын, Баткен облусунун 250дөн ашык адам менен жолугушуусу болуп, бул маселе кайрадан каралып, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары жана жергиликтүү тургундар эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок, деп айтылат маалыматта.

Видеодогу аталган посттун кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген жаран КР мыйзамын одоно бузган жарандардын бири экенин ведомство белгилейт.

КР УКМК кызматкери депутат Адахан Мадумаровго өзүн тааныштырбаган учурда ал кызматкер оперативдүү деңгээлдеги кызматкер экендигин, андан тышкары депутат анын түздөн-түз жетекчиси эмес экенин түшүндүрөбүз.

Атайын кызмат УКМКнын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда болгондуктан, эч жакка качпастан, жөн гана физикалык маалыматтарын ачыкка чыгарбоо максатында четтеп кетишкенин баса белгилейт.

УКМК бул пост Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомуна ылайык коюлганын билдирет жана Кыргызстандын жарандарын мындай билдирүүлөр менен коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here