Суусу жок какыраган талааны өздөштүргөн үй-бүлө

0
961

Баткен шаарында жашаган Кудайбердиевдердин  үй-бүлөсү  үч жылдан бери күнөскана иштетип келет. Алар Өзбекстандан  жетимиш түп  лимон көчөтүн алып келип отургузуп,былтыр алгачкы түшүмүн алышкан.  Дыйкандар лимондон башка дагы бир катар жер жемиштерди өстүрүп көрүүдө. Учурда  дагы 8 сотых аянтка күнөскана куруп, бадыраң өстүрүп башташкан.

Канат Кудайбердиев өздөштургөн  жер ,суусу жок,  какыраган талаа. Ага карабай максатын ишке ашыруу үчүн жердин топурагын алмаштырып, алыстан суу тартып келип,тамчылатып сугаруу ыкмасын өздөштүргөн. Ал  органикалык жер семирткич колдонуп, экологиялык  таза азыктарды өндүрүү менен, жергиликтүү  элди камсыздоону каалайт.Мындан улам ал жер семирткич катары биогумустарды колдонуп жатканын айтат.

Каарманыбыз  кесиби боюнча энергетик,ал  күнөскананын курулушун жана дыйканчылыктын сырларын интернеттен карап үйрөнгөн. Ал эми аны ишке ашырууда 600миң сомдой каражат жумшаган.

Баткен облусунда, суу танкыс, өздөштурүу кыйын болгон жерлерди, тамчылатып сугаруу менен күнөскана катары иштетүүнү колго алгандардын катары көбөйүүдө дейт жергиликтүү адистер.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси  Алишер Сейдакматов, Баткен облусу боюнча бүгункү күндө, жалпы  18 гектар жер аянтына, 390 ишкерлер кунөсканаларды куруп, мөмө-жемиштер, цитрус өсүмдүктөрү менен элди камсыз кылып жатышат дейт. Ошондой эле дыйкан фермерлерди колдоо максатында  мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтат. Сейдакматовдун маалыматына таянсак, Баткен облусу  боюнча жыл башынан бери, 1-майга чейин  талаачылык менен алектенген 153 жаран, алты пайыздык жеңилдик менен, 64 млн сом  насыя алган.

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here