Көк бөрү боюнча мелдеште “Сары өзөн” командасы жеңүүчү болуп 1млн сом байге алды

0
519

Кадамжай районунда 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.  Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 1-9-май күндөрү өттү.

1-лига, жогорку лига жана 40 жаштан жогорку көк бөрүчүлөрдүн мелдешине республиканын бардык облустарынан 32 команда катышты. Жалпы байге фонду 3,5 млн сомду түздү.

Жогорку лиганын жыйынтыгы боюнча

1-орунду  Чүй облусунун “Сары Өзөн” командасы алып – 1 000 000 сом байге алды

Ал эми 2-орун Талас облусунун “Ынтымак” командасы – 500 000 сом;

3-орун Ош облусунун “Достук” командасы – 250 000 сом;

4-орун Ош шаары “Ала-Тоо”– 125 000 сом;

5-орун “Бакубат Талас” командасы  – 70 000 сом

6-орунду  Ысык-Көл облусунун  “Мурас” командасы ээлеп – 50 000 сом менен сыйланышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here