«Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдары кармалды

0
1294

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун  Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан «Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган өткөрмө посттун Чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан автоунаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде жогоруда аталган Чек ара кызматынын өткөрмө постунун төрт көзөмөлдөөчүлөрү  жана нөөмөт башчысы  ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан ортомчу кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here