Орусияда кыргыз кыз-келиндеринин укугун коргоого багытталган форум өттү

0
1060

Орусиянын Москва шаарында, үстүбүздөгү жылдын  26- мартында, биринчи жолу мигрант айымдардын укугун коргоого багытталган  «Энелер ынтымактын жарчысы» аттуу форум болуп өттү.

Аялдарга карата зордук зомбулукту болтурбоо,ага каршы  каршы күрөшүү боюнча иш чаралардын алкагында өткөн форум, Кыргыз Диаспорасынын аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду.

апв
Сонунбү Карабаева

РФгы  Кыргыз диаспорасынын аялдар кеңещинин координатору Сонунбү Карабаеванын айтымында, форум,  Кыргызстандан келип, Россия мамлекетинде эмгектенип жүргөн кыргыз кыз- келиндеринин, эне- баланын  укугун коргоо, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү максатын көздөйт дейт. Ошондой эле бул багытта көйгөйлөрдү талкууулоо менен, орун алып жаткан көйгөйлөрдү аныктоо, аны чечүү боюнча чечимдерди кабыл алып, конкреттүү иш аракетерди жүргүзүү, деп кошумчалады  Сонунбү айым.

Форумда бөтөн жерде эмгектенип жүргөн кыз- келиндердин арасында, көйгөйлөр арбын экени айтылып,алардын алдын алуу, болтурбоо үчүн мигранттардан түзүлгөн  коомдор иш алып баруу жагы тапшырылды. Катышуучулар, өзгөчө  жашы  жете элек  өспүрүм кыздарды миграцияга жалгыз жибербөө,  керектигин  айтышты.

Ошондой эле социалдык иликтөөлөр боюнча Орто Азия өлкөлөрү арасында  Кыргызстанда зордук зомбулука дуушар  болгон кыз келиндердин саны өсүп жаткандыгы да белгиленди.

Ал эми  Кыргыз Диаспора кеңещинин юристери, юридикалык жардамга муктаж айымдардын баардык суроолоруна жооп берип,мигрант айымдардын арасында жаралган  көйгөйлөргө көмөк көрсөтүшөөрүн айтып өтүштү.

Кубанычбек Осмонбеков

 

Кыргыз диаспора кеңещинин төрагасы Кубанычбек Осмонов, форумдун катышуучуларына кайрылып, ар кандай маанидеги жардамга муктаж болгон ар бир айымга, тийиштүү жардамдар көрсөтүлөөрүн, диаспоранын кеңсесинде юристтер акысыз жардам берээрин айтты.  Аны менен катар жумушка орноштурууга жана жумушка, эмгек маянага байланыштуу көйгөйлөргө жардам көрсөтүлөөрүн  айтып өттү.

Форумдун соңунда катышуучуларга  концерт тартууланды.

Нуржамал Таабалдиева.Россия,Москва шаары.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here