Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан футбол боюнча күч сынашат

0
729

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, бүгүн, 29-мартта Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Эки команда тең Navruz Cup 2022 мелдешинин үчүнчү оруну үчүн таймашат.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Кыргызстандын курама командасы мелдештин жарым финалында Өзбекстандын оюнчулары менен беттешип, 3:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми Уганда Тажикстанды 5:4 эсебинде уткан.

Белгилей кетсек, мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here