Чек арадагы эл облус башчысынан коопсуздукту камсыздоону суранды

0
244

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чек ара окуясында жабыркаган Баткен районунун Аксай, Көк-Терек, Достук жана Таш-Тумшук айылдарынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу облустук  өкүлчүлүктүн  басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлгө чек ара айылдарынын социалдык абалы, инфраструктурасы боюнча бир катар суроолор узатылды. Таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, айыл чарба багытындагы маселелер жана чек ара айылындагы элдин коопсуздугу боюнча да айтылды.

Облус башчысы айыл элинин коопсуздугу ички иштер кызматкерлери менен чек арачылардын күнү-түнү көзөмөлүндө экенин айтып, жергиликтүүлөрдү  кооптонбоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here