Баткенде үч айда 76 аткезчилик фактысы аныкталган

0
285

Жыл башынан бери Баткен облустук Бажы кызматы тарабынан аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 76 факты аныкталып, келтирилген зыяндар мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Бул тууралуу  облустук  өкүлчүлүктө  өткөн кеңешмеде маалым болду.

Бул багытта Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кеңешме өткөрүп тийиштүү органдардын аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш аракеттери боюнча маалыматын укту.

Ыйгарым укуктуу өкүл кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди жүргүзүү, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшкөн жарандарды аныктоо менен, мыйзамдуу иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here