Депутат Өзбекстан чек арага жакын аймакта жол кура баштаганын билдирди

0
258

Жогорку Кенештин депутаты Өмүрбек Бакиров Өзбекстан мамлекети Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан аймагына жол кура баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу  парламенттин  бүгүнкү  жыйынында билдирди.

Эл өкүлү өз сөзүндө «Керкидан аймагына Өзбекстандын күч органдары чыгып, эки күндөн бери жол куруу иштерин жүргүзүп жатат. Эки мамлекеттин ортосунда делимитация жана демаркация боюнча комиссия түзүлгөн. Ага ылайык, бул иштер Кыргызстандын макулдугу менен гана курулушу керек. Тиешелүү жетекчилерге дагы айтылса керек. Жолду токтотуп туруш керек. Кыргызстандын макулдугу жок эле эки күндөн бери курулуш иштерин жүргүзүп жатат», — деп билдирди.

Министрлер кабинети бул маалымат тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылы,  Өзбекстан менен чектешет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here