Баткен депутаттары көп кабаттуу үй курууга  макулдук берүү маселесин кароодо

0
1029

Бүгүн 31.03.2022-ж Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы жүрүп жатат. Сессиянын күн тартибинде14 маселеле каралууда.  Алар;

1.Жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга аткарылышы жөнүндө.

  1. Шаардын 2021-жылга инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш чарасынын жергиликтүү бюджеттен аткарылышы жөнүндө.
  2. Шаардык Кеңешинин жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө.
  3. Баткен шаарынын мэриясы жөнүндө жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө.
  4. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруунун абалы жөнүндө.
  5. Баткен шаарынын аймагында Жайыт комитетинин 2021-жылга аткарган иш аракеттери жана 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.
  6. Оор жумуштарды жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдөрдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө.
  7. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылдын 1-январынан, 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы аудиттин жыйынтыгы жөнүндө.
  8. Баткен шаарынын Султанмурат Миңбашы көчөсүндөгү муниципалдык 0,37 га  жер аянтына үлүштүк салым менен инвестиция аркылуу көп кабаттуу үй курууга  макулдук берүү жөнүндө.
  9. Баткен шаарынын Султанмурат Миң башы көчөсүндөгү З.С.Эргешовдун жеке менчик 0,10 га өлчөмүндөгү Ж-2 (аралаш көп кабаттуу үйлөр аймагы) багытындагы жер аянтын Ж-1 (жекече үйлөрдүн аймагы) багытына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
  10. Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОнун аймагындагы Кара-Тоо насостук станциянын жана Салкын-Төр каналын, Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
  11. Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын X сессиянын 2018-жылдын 21-июндагы «Муниципалдык менчик жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча ижара көлөмүнүн коэффиценттерин бекитүү жөнүндө» 0-18/25 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
  12. Баткен шаарынын аймагында ысык, суук мааракелерди өткөрүүдө ашыкча ысырапкерчиликке жол берген каада-салттарды жоюу боюнча жобосун бекитүү жөнүндө.
  13. Ар кандай маселелер.

Бул тууралуу шаардык кеңештин фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here