Баткенде арзан баадагы кумшекер жана өсүмдүк майы сатылууда

0
472

КРнын мамлекеттик материалдык резервдер фондунан арзан баадагы кумшекер, өсүмдүк майы Баткен облусуна да жеткирилди.
Жалпысынан Баткен облусуна бөлүштүрүлгөн 130,0 тонна кум шекер, 60,0 миң литр өсүмдүк майы бөлүнгөн.
Учурда Баткен облусунун район шаарларына 97,0 тонна кум шекер, 41,0 миң литр өсүмдүк майы жеткирилип, кум шекер 1 кг 70-71 сомдон, өсүмдүк майы 1 литри 130 сомдон сатылууда.
Белгилей кетсек, облус аймагындагы базарларда, азык-түлүк соода түйүндөрүндө азык-түлүктөрдүн бааларын себепсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, абал облус башчысынын көзөмөлүндө. Учурда азык-түлүккө болгон тартыштык жок, деп айтылат облустук өкулчулүк тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here