Баткенде студенттерге жеңилдиктер берилет

0
838

Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенине байланыштуу, министрлер кабинетинин атайын токтомуна ылайык,  Баткен мамлекеттик университетинин алдынкы студенттерине жана окуу жайдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн  балдарына контракттык төлөмдөр үчүн  25%дан 50% чейин  жеңилдиктер берилет.  Ошондой эле ата-энесинен ажыраган жана мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге буга чейин берилүүчү жеңилдиктер улантылат.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов, ”БатМУда 16-мартта өткөн көзөмөл кеңешинин чечими менен 18 студентти  контракттык төлөмдөн  бошотконбуз, учурда комиссия дагы  иштеп, документтерди чогултулууда. Жыйынтыгында дагы  110 студент жеңилдик алуусу күтүлүүдө. Ошондой эле былтыркы окуу жылында, чек арага чектеш аймактагы  21 студентке биздин окуу жайга бюджеттик орундарга квота берилген, Быйыл да  билим берүү министрлиги тарабынан дагы 200 квота берилгени турат. Бул БатМУга эле эмес, жалпы республиканын жогорку окуу жайларына берилгени турат”, дейт.

 

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here