Баткен элине медициналык кызматтарга жеңилдиктер каралды

0
363

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Баткен облусунун калкы үчүн, 2022-жылдын 15-мартынан тартып, Көкүрөк органдарынын флюрографиясы, Рентгендик  изилдөө жана УЗИ кызматтары акысыз жүргүзүлө баштады.

Чек арада жайгашкан  Баткен облусуна өзгөчө статустун берилиши менен, облустун калкына мамлекет тарабынан  бир катар социалдык жеңилдиктер  каралганы маалым. Анын ичинде дагы бир катар медициналык кызмат көрсөтүүлөр камтылган.

Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбековдон бейтаптардын ооруканада дарылануусуна жана текшерүудөн өтүүсүндө каралган жеңилдиктер тууралуу кененирээк маалымат алдык. Бөрүбековдун айтымында ооруканада  стационардык деңгээлде дарылануудан өтүү үчүн  төлөм,

— минималдуу денгээлде 330 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 165 сом болду;

— орточо деңгээл 840 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 420 сом болду;

— максималдуу деңгээл 2640 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 1325 сом болду.

Ал эми хирургиялык профилдеги кошумча төлөм,

— минималдуу деңгээлде 430 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 215 сом болду;

— орточо деңгээл 1090 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 545 сом болду;

— максималдуу деңгээл 3440 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 1720 сом болду.

Ошондой эле гельмин жумурткаларына 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды изилдөө кызматына да 50% жеңилдик берилди, же болбосо буга чейин 128 сом төлөнүп келсе бүгүндөн тартып 64 сом төлөнөт.

Белгилей кетсек бул жеңилдиктер чек ара аймактын тургундары үчүн эле эмес, жалпы облустун тургундарына тиешелүү жана мындан ары  дайыма көрсөтулүүчу жеңилдик болуп саналат.

 

Айжамал Абдикаарова

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here