Кол күрөш боюнча өлкө биринчилиги Кадамжай шаарында өттү

0
361

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кол күрөш боюнча өткөрүлгөн өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана машыктыруучу Сапарбай Курбанбековду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, 26-28-март аралыгында Кадамжай шаарында кол күрөш боюнча өлкө биринчилиги өткөн.
Анда 14 жашка чейинкилер арасында өткөн мелдеште оң кол боюнча 1-орун, сол кол боюнча 3-орунду Равшан Орунбаев алса, 18 жашка чейинкилер арасында 3-орунга Чыңгыз Бекболот уулу, оң кол менен 2-орун, сол кол менен 3-орунга Кумар Жунусов татыган.
Жолугушууда облус жетекчиси балбандарды жеңиштери менен куттуктап, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди каалап, аталган тармакка өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Равшан Орунбаев учурда 23-30-апрель күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Азия биринчилигине даярданууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here