Мекенди сүйүү бул ыймандан!

0
1398

Мекенди сүйүү бул ыймандан!

Бүгүн 24-август КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев КР ИИМнин Ички аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы менен куттуктап Баткен шаарында жайгашкан КР ИИМнин ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнө барды.

Алгач облус башчысы аталган кызматтын түзүлгөндүгү менен мекендин коргоочуларын, ички аскер кызматынын кызматкерлерин куттуктап, мекен үчүн тик турган, жанын аябаган аскерлерге патриоттук сезимин баалап, аскер кызматкерлерин КР Президентин атынан жана жеке өзүнүн атынан куттуктады.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө :
“ Урматтуу аскерлер! Патриоттор ! Мекенди сүйүү бул ыймандан. Силерди мекенчил, ыймандуу, өз элине күйүмдүү жана өз жерин көздүн карегиндей сактоодо ата-энелериңердин берген тарбиясы, мекен үчүн кошкон салымы жана ролу чоң! Чек арадагы каргашалуу окуяда бар күчүңөрдү жумшап, өз милдетиңерди ак ниеттүүлүк менен аткарып, коомдук коопсуздукту, Кыргыз мамлекетинин коопсуздугун бийик тутуп, силерди көргөн башка жарандарыбызга жана жаштарыбызга мекенди коргоону жана мекенди сүйүүнү үйрөтө алдыңар деп айта алам. Мен облус башчысы катары жана жалпы Баткен эли силерге ишеничибиз чоң, жана силерге болгон аракетибизди жумшап, колдоойбуз. Ар дайым өлкөбүздө тынчтык болсун. Эч качан болуп өткөн каргашалуу окуялар кайра кайталанбасын. Силерге дагы бир жолу терээң ыраазычылык билдирүү менен КР Президенти Садыр Нургожоевичтин атынан жана Баткен элинин атынан, жеке өзүмдүн атымдан КР ИИМнин ички аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана алдыдагы Кыргызстандын эгемендүүлүктү алгандыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!”

Соңунда ыйгарым укуктуу өкүл аталган кызматтын аскерлерин коомдук коопсуздукту өз деңгээлинде камсыз кылгандыгы, күжүрмөн даярдыктагы жетишкен ийгиликтери үчүн жана мекен алдында ыйык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн атайын ардак грамотасы жана алкыш баракчасын тапшырып, аскерлерге аскердик дем берип, оор жана түйшүктүү, мекен алдындагы жоопкерчилитүү кызматында ийгиликтерди каалады.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызмат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here