Баткен-Исфана авто жолунун Эки-Таш жерлигинде белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан Кыргызстандын жарандарынын 2 авто унаасына таш ыргытышкан

0
442

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 22-августу болжол менен саат 00.30 чамасында Баткен-Исфана авто жолунун Эки-Таш жерлигинде белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан Кыргызстандын жарандарынын 2 авто унаасына таш ыргытышкандыгын маалымдайт.
Жыйынтыгында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү авто унаанын эшиги майтарылып, ал эми Хонда Стрим үлгүсүндөгү авто унаанын айнеги талкаланган. Жүргүнчүлөрдөн жаракат алгандар болгон эмес.
Аталган окуя боюнча Баткен облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кабар берилген.
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пландаштырылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here