📈 «Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада жашаган ишкерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасы старт алды

0
585

📈 «Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада жашаган ишкерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасы старт алды

Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин каржылык колдоосу жана JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси менен иш алып барган Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) ишмердүүлүгү астында «Чакан жана орто ишканаларды колдоо менен экономиканын калыбына келишине көмөктөшүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Программанын максаты – Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек арада жашаган ишкерлерге финансылык эмес колдоолорду көрсөтүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

✅Программага Баткен жана Лейлек районунун чек арада жашаган төмөнкү ишкерлери катыша алышат:

🔹3 күндүк ишкердик боюнча окууга даяр жана долбоор талап кылган шарттарды аткарууга даяр болгон;
🔹Туруктуу иштеп жаткан ишкердиги же минималдык жашоого жарамдуу өнүмү бар;
🔹Ишмердүүлүгү финансылык эмес (өндүрүштү кеңейтүү, кошумча жабдыктарды жана материалдарды сатып алуу) гранттык колдоого муктаж болгон;
🔹 Турмуштук /экономикалык кыйын абалдагы аялдар.

Тандоодо биринчи кезекте социалдык багыттагы ишкердикке, турмуштук оор кырдаалда жашаган аялдарга, ошондой эле экспортко багытталган бизнеске артыкчылык берилет.

Тандалган катышуучулар:

▪️Ишкердүүлүк, бизнести пландаштыруу, каржылык менеджмент, маркетинг жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү боюнча окуулардан өтүшөт ;
▪️Окуунун акыркы күнү бизнес долбоорлорун жазып аны презентациялайт;
▪️Келишимдин бүтүү мөөнөтү ичинде ИКБнын эксперттеринен консультациялык жана ар тараптуу колдоо алып турат. Ошондой эле, долбоордун алкагында 1 жылга чейин мониторинг жүргүзүлөт;
▪️Өз ишин өнүктүрүүгө керектүү жабдууларды, материалдарды же шаймандарды сатып ала алат;
▪️Ишкердикти баштоо/жүргүзүү үчүн жабдуулар жана/же материалдар түрүндөгү грант ала алат.

📊Гранттар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан сатып алуулар процедуралары аяктоосуна карап берилет;
Финансылык эмес колдоо/гранттын максималдуу суммасы 1000 еврого чейин;

Көңүл буруңуз!
• Программага катышуу үчүн анкетада ишенимдүү маалыматтар камтылышы керек. Долбоорлор үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга багытталбашы керек;
• Конкурска берилген документтер жана материалдар программанын катышуучуларына кайтарылбайт жана рецензияланбайт;

Арыздарды кабыл алуу тартиби жана программага катышуу шарттары:

⏳Программага катышуу үчүн https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSetL0pXNTwEKeRyrjxr-qLB6UZCkAuBpfOLEUQH358VhLPOrQ/viewform шилтемеси аркылуу толтурулган арызды эң кеч 2021-жылдын 1-сентябры саат 23:00гө чейин тапшыруу керек.

‼️ Программага катышуу акысыз.

Суроолор боюнча ИКБнын Баткен облусундагы бизнес-консультантына жумуш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин кайрылсаңыздар болот:
Турдуев Дастан Токсонович – 0774 68 86 86

Ушул программа боюнча сиздерди кызыктырган суроо-талап же сунуштарыңыздар болсо, 28-август, саат 11:00 дө Салам Медиасынан түз эфирден жолдой аласыздар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here