Баткенде каттоодон өтпөй, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан медресе аныкталды

0
478

Милиция Баткен шаарында жаш балдарга диний билим берип жаткан медресе, мечиттерди текшерип, жыйынтыгында каттоодон өтпөгөн бир медресени аныктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Аныкталган “Ыйман” илим жана маданий борбору диний уюму каттоодон өтпөй 2024-жылдын башынан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 20дай жаш балдарды окутуп жаткандыгы белгилүү болду.

Бул факты Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Автор: Сезимай Жураева

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here