Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, кармалган Кызыл-Кыя шаарынын 23 жаштагы тургуну, 22 жаштагы тургундун iPhone 13 Pro үлгүсүндөгү телефонун сүлөшүп алуу үчүн сурап, изин жашырып качып кеткен.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБне 2023-жылдын 1-июль күнү Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси Алдамчылык менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Учурда шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.