Баткен милициясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өз белектерин беришти

0
616

Баткен облус аймагында милиция кызматкерлери тарабынан мумкунчулугу чектелген оспурум балдарга колдоо жана жардам көрсөтүү максатында иш-чаралар уюштурулду.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма соз кызматы билдирди.
Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Жашообузда тубаса же кырсыктан мүмкүнчүлүгү чектелип калган пенделер бар.

Жыл сайын милиция кызматкерлери бул майрамды көз жаздымында калтырбай, тейлеген аймактарындагы бул аярлуу катмардагы инсандарга жакындан колдоо көрсөтүп келет. Бул жолкусунда Баткен ОИИБнын жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан мумкунчулугу чектелген «Кун нуру» коомдук уюмунун «Умид» борборунан кабар алып, ал жерде тарбияланып жаткан балдарды бугунку майрамы менен куттуктап, таттуу-шириндиктерди, керектуу оюнчуктарды алып барып ата-энелерге тапшырды.
Мындан сырткары Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери жогорудагы эле аты аталган коомдук уюмга акчалай жардам көрсөттү.

Ал эми Кадамжай РИИБнин кызматкерлери район аймагында жашаган майып балдардын ар биринин уйлоруно барышып аларга аз болсо да кубаныч тартуулоо максатында кийим-кече, азык-тулук, оюнчук, таттууларды беришип, жаш оспурумдордун майрамы менен куттукташты.
Бул иш-чара Баткен, Лейлек, Сулукту жергесинде да уланып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here