Баткен районунда окуучулар кадимки шартта окуп баштады

0
1041
Райондун аймагында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча иш-аракеттердин абалы жөнүндө өткөрүлгөн штабдын чечими менен билим берүү жана илим министрлиги, саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бекитилген алгоритимге ылайык бүгүнкү күндө райондун аймагындагы билим берүү мекемелериндеги 20 мектепте толук (1,11 класстар), 12 мектепте (1-9-11-класстар), 10 мектепте (1-5-9-10-11-класстар), 5 мектепте (1 жана 4-класстар), 5 мектепте (1-5-9-11-класстар), 1 мектепте (1-класстардын) окуучулары 30-ноябрдан баштап реалдуу режимде санитардык нормалар сакталуу менен окуу жүрүп жатат.бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы маалымдады.
Район боюнча жалпы 53 мектеп бар. Алардын ичинен 9 башталгыч, 4 негизги жалпы билим берүүчү, 3 гимназия, 37 орто мектеп бар.
Бүгүнкү күндө райондун аймагындагы мектептерде демөөрчүлөр тарабынан окуучулар жана мугалимдер үчүн санитардык нормаларды сактоо боюнча талапка ылайык шарттарды түзүп беришүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here