Баткен районундагы Нарматов атындагы орто мектебиндеги шарттар жаныланды

0
523
Б. Нарматов атындагы орто мектебинде түрткү берүүчү гранттан 469500 сом, Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 100 миң сом акча каражаты каралып, жалпы суммасы 569500 сомдук жаңы ажаткана курулуп берилди. Мындан сырткары Баткен райондор ​ аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 100 миң, Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 80 миң сом бөлүнүп, аталган мектептин 4 каанасынын полу жаңыланды. Аталган мектептин ардагер мугалимдеринин демилгеси менен мектепке жылуу суу киргизилди. Мындай маалыматты Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы кабарлады.
Ошондой эле   Б.Ходжаев атындагы орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан жалпы суммасы 30миң сомдук болгон шарттар түзүлүп берилген. Ал эми Ш Токсонов атындагы орто мектебинде да уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан 20 миң, айыл өкмөтү тарабынан 33 миң сомдук колдоолор көрсөтүлдү.
Мындай колдоолор райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрдө жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here