Жол четиндеги мыйзамсыз соода кылгандарга рейд жүргүзүлдү

0
551

Шаардагы баш аламандыктарды жөнгө салуу максатында борбордук базардын айланасындагы көчөлөрдө баш аламан соода түйүндөрүн базарга көчүрүү, санитардык абалды сактоо, соода-сатыктан бошогон жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу боюнча атайын рейд жүрүп жатат. Шаардык мериясынын башкы адиси Жусупов мүмкүн эмес жайларда соода кылган жарандарга эскертүү берилет ага карабастан кайра эле жол четине чыгып алса протокол түзүлү айып пул салынат дейт.

Борбордук базардын айланасын иретке келтирүү үчүн шаардык мэриядан, шаардык ички иштер бөлүмүнөн, санитардык-эпидемиологиялык борбордон атайын комиссиялык топ түзүлүп,туура эмес орнотулган күркөлөрдү алдырууда.

Текшерүү күн сайын өткөрүлөт Өзүм билемдик менен уруксат берилбеген жайларда тоскоолдук жаратып соода жүргүзүүгө, же күркөлөрдү башаламан жайгаштырып алууга тыюу салынат.
Буга чейинки .7-декабрь күнкү рейдде эскертүүлөр берилген. Текшерүү учурунда мэрия 12, ал эми шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 7 протокол түзүлүп, айып пул салынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here