Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

0
1148

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Баткендин 38 жаштагы тургунунун ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөн. Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен  ОИИБдин  Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык)  боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү, милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here