Мыйзамсыз жүк ташууга колдонулган унаа мамлекттин эсебине өттү

0
706

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда Баткен облусунун аймагында кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаанын жүк бөлүгүнөн 25 кап карниз үчүн пластик шакекчелер жана беш кап карниз үчүн кармагычтар табылган. Кармалган товардын салмагы 500 кг дан жогору болгон. Жүктө бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери болгон эмес.

Бул факт боюнча материалдар мыйзам чегинде белгиленген тартипте кароо жана чечим чыгаруу үчүн Баткен райондук сотуна жөнөтүлүп, райондук соттун 1-марттагы чечими менен унаа мемлекеттин эсебине өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here