Баткенде “Алдамчылык” беренеси менен айыпталып жаткан жаран кармалды

0
1749

Баткендик жарандарды телефон аркылуу алдап акча алган Чүй облусунун Беловодский айылынын 20 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен облусттук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Баткен районунун Самаркендек айылынын 50 жаштагы тургунунун 15 жаштагы уулуна телефон чалып, ага жездеси экенин, ал авто кырсыкка кабылганын айтып, 120 мин сом  акча керек экенин айткан. Жабырлануучу ага айткан суммасын которгон.  Жабырлануучу 9-мартта шектүүнүн үстүнөн милицияга арыз менен кайрылган. 

Шектүү ушул жылдын 5-мартында Лейлек районунун Кулунду айылынын 37 жаштагы тургунуна телефон аркылуу байланышып, анын уулу авто унаасы менен бирөөнү сүзүп алганын, алар келишип алгандыктан тезинен 50 миң сом которушун айткан. Жабырлануучу акчаны которгондон кийин алданып калганын билип милицияга кайрылган.

Бул фактылар Баткен жана Лейлек райондук милициясында  КБРне кылмыш жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here