Баткен шаарында аялдын жансыз денеси табылды

0
3223

10-январь күнү Ш.А. аттуу жаран Баткен шаардык милициясынын нөөмөт бөлүгүнө уюлдук телефон аркылуу чалып, К.Турмаматов көчөсүндөгү үйдүн ичинде бейтааныш аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирген.

Аталган факты  милициянын маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

Аялдын өзгөчө белгилери: Жашы 45-50 чамаларында, боюнун узундугу 155-165 см, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кыска.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү узун куртка, кара шым, көк свитер.

Ал психикалык жактан жабыркаган. Өзүн “Санабар” деп таныштырып жүргөн.

Жогорудагы маркум аялдын өздүгү аныкталбай жана жакын туугандары табылбай жатканына байланыштуу, милиция анын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулукка кайрылат.

Ал тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо, Баткен шаардык милициясына төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюңуздарды суранат: (03622) 5-00-68, 0508 03 16 35.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here