Үй жайы жок жарандарды сууктан сактоо иштери жүрүүдө

0
1226

Облустук милициядан билдиргендей, Кызыл-Кыяда шаардын милиция кызматкерлери 11-13-январь күндөрү ызгардуу суукка байланыштуу «Селсаяк» аталышындагы алдын алуу иш-чараларын уюштурууда.

Иш-чаранын максаты туруктуу жашаган жери жок селсаяктардын, тилемчилик менен күн өткөргөн адамдардын өлүмүнө жол бербөө. Анын негизинде милиция кызматкерлери шаар аймагын кыдырышып, селсаяк жана тилемчи экени аныкталган адамдарга ысык чай беришүүдө.

Ошондой эле  үй-жайы жок жарандарды реабилитациялык борборго жайгаштыруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында дагы Кызыл Ай коому катуу суука байланыштуу ӨКМнин, аскер, милиция, тазалыктын кызматкерлерине, айдоочуларга ысык чай уюштурууда. Алар 11-январдан 16- январга чейин Баткен шаарынын Мухтар Нургазиев көчөсүндө жайгашкан “Самсаэт” тамактануучу жайында күнүнө 2 жолу, май токоч (пирожки) менен 1 чыны чай ичип чыкканга мүмкүнчүлүгү бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here