Кыргызстанда ишкердик субьекттерин текшерүүгө тыюу салынды

0
705

Президент Садыр Жапаров ишкердик субъекттерине болгон текшерүүлөргө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерине, ошондой эле коммерциялык банктарга ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизүү тапшырылат.

Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо органдарынын жана контролдоочу органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү негизсиз дайындоосу, алардын ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартууга алып келет, деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here