Баткен районунда көмүр түрүнө жараша 5 сомдон 10сомго чейин сатылууда

0
499

Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөрү көмүр өндүргөн жеке ишкерлер менен келишим түзүп, жергиликтүү калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу аракетин көрүүдө.

Учурда райондун аймагындагы көмур базаларда, Самаркандек жана Сүлүктү шаарынын аймагынан казылып алынган көмүрлөр 5-6 жана 7,5-10 сомдон сатылууда. Бул тууралуу райондун маалымат кызматы кабарлады.

Ал эми Ормузан көмүрү 5 сомдон сатылып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз берилүүдө.

Бүгүнкү күндө район боюнча 6033 тонна көмүр отун ташылып, район 63,8 пайызга көмур менен камсыздалды-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here