Баткенде мурда соттолгон жарандын үйүнөн марихуана табылды

0
692

Баткен облусунун Кадамжай шаарында жайгашкан борбордук мечиттин жанындагы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1973-жылы туулган жаран кармалган. Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жарандын үйүн тинтүү учурунда, уктоочу бөлмөдөн «марихуана» баңгизаты табылып, алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шектүү мурда Өзбекстанда «Тыңчылык» беренеси боюнча соттолгону да маалым болду.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here