Чек арада кыргыз-тажик жетекчилери жолукту

0
1294

2022-жылдын 21-октябрь күнү Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрмө жайында эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР УКМК чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Ражабали Рахмонали, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода ошондой эле эки тараптын акимдери, күч структураларынын жетекчилери катышты.

Жолугушууда негизинен эки тарапта тең тынчтыкты кармап калуу, ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенбөө жана эки элдин ортосундагы чыр чатака жол бербөө боюнча эки облустун ортосунда биргеликте планга кол коюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here