100гө чукул жоокерге биринчи офицердик аскер наамы ыйгарылды

0
1267

КР Куралдуу күчтөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу соңуна чыкты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Окутууда жоокерлер аскер илиминин теорияларын жана башкаларды окуп, аларды практикада бышыкташты.

Жыйынтыгында комплекстүү экзаменди ийгиликтүү тапшыргандар гана офицердик “запастагы лейтенант” аскер наамына ээ болушту. Лейтенант аскер наамын тапшыруу салтанаты 19-октябрда өттү. 100гө чукул жоокерге биринчи офицердик аскер наамы берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here