Баткенге 1636 тонна гумжардам келген

0
389

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, чек арадагы акыркы окуядан жабыр тарткандар үчүн келип түшкөн гумантардык жардамдар тууралуу, 2022-жылдын 17-октябрына карата маалымат берди.

Ага ылайык, Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 322 тоннасын ӨКМ, 1134 тонна жарандар өз күчү менен жеткиришкен. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат. Бүгүнкү күндө кампада 136 тонна ун, 12 тонна макарон азыктары, 2 тонна кум шекер, 20 тонна суу май, 1 тонна күрүч, 1 тонна туз, 100 блок иче турган суу, 200 кг чай резервде турат. Ал эми ӨКМге караштуу Материалдык резервфондунда Кара-Суу районунда 150 тн ун, 100 тн кум шекер, Кызыл-Кыя шаарында 200 тн суу майы, 200 тн кумшекер сакталып турат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here