Тажик тараптын кол салуусунан каза болгон мекендештерибиздин саны 46га жетти

0
750

Бүгүн, 18-сентябрь саат 17:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 46 кыргызстандык мерт кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпы 140 адам кайрылган, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы набыт болгон 10 адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөн. Ошентип, мерт кеткендердин саны 46 адамга жетти», — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here