Баткен облусунан 136миңден ашуун адам эвакуацияланды

0
584

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев облустагы соңку кырдаал боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө түз байланышта маалымат берди.

18-сентябрда саат 15:30да Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. “Бардык кызматтар окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Жеринде инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү иштери менен алек болууда. Кооптонууга негиз жок. Жарык, таза суу, интернет жана уюлдук байланыш калыбына келтирилүүдө. Ошондой эле коргоо жана ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү иштер аткарылууда”, — деди ал.

Тулаев кошумчалагандай, президенттин облустагы өкүлүнүн буйругу менен бардык ведомствонун өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү.
“Комиссия келтирилген чыгымды эсептейт. Буга бир жума мөөнөт берилди», — деди облус башчысынын биринчи орун басары.

Ал эми Баткен облусунда жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Баткен облусу боюнча 47 убактылуу кабыл алуу жайлары ачылып, 4461 жаран жайгаштырылган.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 215.5 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 154.7 тонна гумжардам Раззаков шаарына, Достук айылына, Сүлүктү шаарына, мындан сырткары Кыштут, Боз-Адыр, Бужум, Ак-Сай, Кара-Булак, Айгүл-Таш, Бөжөй, Чоң-Кара, Чет-Булак айылдарына таратуу үчүн жөнөтүлгөн. Ал ал эми Маргун жана Лейлек айыл аймагына жеткирилген.

Республика боюнча гуманитардык жардамдарды чогултуу үчүн, жалпы 188 пункт ачылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here