Эки күндө эки аскер: Кечээ дагы бир аскер кызматкери каза болду

0
632

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду.
Окуя кечээ 18-августта, 22:10дор чамасында катталган.

2003-жылы туулган катардагы аскер кызматкери, кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Ал алган жаратынан жеринде каза болгон деп айтылат, Коргоо министрлиги берген маалыматта.

Министрликтин маалыматына таянсак, кызматтык иликтөө дайындалды. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, 17-августта Ички иштер министрлигинин Ош шаарындагы 703 аскер бөлүгүндө да аскердин өлүмү катталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here