Журналисттин өлүмүнө шектелген блогер үй камагына чыкты

0
683

Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү деп кармалган блогер Батмакан Жолболдуева, үй камагына чыкты. Мындай чечимди 18-августта Баткен райондук соту чыгарган. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы Замир Ормонов билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага кайрылып, каза болгон. Журналист Галымбетова каза болгонго чейин
Батмакан Жолболдуева анын абийирине шек келтиргенин айтып, арыз жазганын милициядан билдиришкен.

Белгилей кетсек, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы, Кылмыш-жаза кодексинин «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, «жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Батмакан Жолболдуева 2022-жылдын 28-мартында камалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here