Баткен милициясынын башчысы волейбол боюнча “мыкты оюнчу” деп табылды

0
587

Баткенде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы республикалык волейбол боюнча чемпионат жыйынтыкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналды.

17-август күнү башталган турнирге 7 кыздар командасы 12 эркектер командасы катышты.

Кыздар арасында 1-орунду Жалал-Абад облустук милициясы багындырса, эркектер арасында 1-орунду Баткен облустук милициясынын командасы ээледи.
Мындан сырткары ар бир номинациялар боюнча мыкты оюнчулар тандалды. Баткен облусту ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн “мыкты оюнчу” номинациясына ээ болду.

Ошондой эле кыргыз дене-тарбия «Динамо» коомдук бирикмеси тарабынан, Ички Иштер Министрлигинин спорт тармагына салым кошкондугу үчүн, Мурат Боронов жана облустук милициянын улук инспектору Эрмек Анарбековго “Динамо” төш белгиси тапшырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here