Баткенде чакан ГЭС ишке кирди. Ал беш айылды электр энергиясы менен камсыздайт

0
847

18-августта ГЭСтин ишке кирүүсү салтанаттуу белгиленди.

Баткен районунун Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10МВТ болгон сметалык баасы 7,0 млн АКШ долларын түзгөн, ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер А.Калпаев тарабынан башталган. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскадтын 100% жумушу аткарылды. Тактап айтканда 2 даана бассейн, 700м аралыктагы канал курулуп, 5 км аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 800,0 миң АКШ доллары жумшалган.

ГЭСтин ишке кирүүсү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here