3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Ислам өнүктүрүү банкынан каржылык колдоо алуу жөнүндө макулдашты.
Бул тууралуу министрликтин фейсбуктагы расмий баракчасында жарыяланды.
Тараптар 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу,билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Алмазбек Бейшеналиев жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасы 15 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант жана 85 млн. АКШ долларын төмөнкү пайыздагы насыя катары алууга укуктуу экенин билдирди.