Ош аэропортундагы таксистер тартипке чакырылат, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт

0
547

КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы укук коргоо органдарынын жетекчилери менен , Ош эл аралык аэропортундагы жергиликтүү такси кызматынын айдоочуларынын жүргүнчүлөргө кылган терс мамилесин жөнгө салуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы Ош эл аралык аэропорту аркылуу каттаган өзбек жарандарынын жана чет өлкөдөн келген туристтердин коопсуздугун сактоо, алардын үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. .

Ошондой эле таксистерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакырууну . Ал эми милдеттеринен аша чапкан айдоочулар болсо мыйзам чегинде чара көрүүнү тапшырды.

Аны менен катар, Ош эл аралык аэропортунун жана Достук чек ара бекетинин аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу милдеттендирилип, аэропорттон чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.

Эскерте кетсек, буга чейин интернетте Ош аэропортундагы такси айдоочуларына нааразычылыктар тууралуу видео тараган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here