Баткенде мыйзамсыз лоторея ойноткон топ аныкталды

0
1343

КР УКМК тарабынан Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген адамдардын тобу аныкталган.

Ал эми Лотерея билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болгон. Лотореянын бир эле турунда 2800 билет сатылып турган. Анда автоунаалар, кыймылсыз мүлктөр да ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы70 миллион сомго жакын болгон.

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.
Бул факты боюнча учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here