Түзөтүү колониясында кызмат өтөө учурунда каза тапкан жоокердин туугандары анын өлүмүн калыс иликтөөнү талап кылууда

0
464

Маркумдун туугандары, анын курал менен өзүн атып алуусуна ишенбестигин айтып, маалымат каражаттары аркылуу укук коргоо органдарына кайрылууда.

Балгилей кетсек, 29-июль күнү эртең менен саат 08:30дар чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы No27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүнө катардагы жоокер, куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болгон деп аталган мекеме маалымат тараткан.

Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө деп кошумчаланган.

Каза болгон жоокердин туугандарынын маалыматында Калыс Абдыкабылов Ак-Суу районунун Челпек айылында төрөлгөн. Ал болгону 19 жашта болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here