Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат деп, Республикалык штабдан билдиришти. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин да буйругу чыккан.
“Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт.
Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн жана кош бойлуу аялдар жана алардын ымыркайлары үчүн эмдөөнүн коопсуздугу боюнча эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес.