Баткенде милиция кызматкери киши колдуу болуп каза болду

0
1256

2022-жылдын 27-март күнү 1974-жылы туулган Баткен Облустук Ички Иштер Башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Аскар Мухамадиев, киши колдуу болуп каза болду.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр, маркумдун жансыз денесин облустук оорукананын  жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкен.

Бул факты Баткен ШИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин адам өлтүрүү менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу  соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну  маркумдун  жээни учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды.

Баткен ОИИБнын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34жаштагы тургун жана анын кылмыштуу шериктери кармалды.

Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here