Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Баткендик блогер камакка алынды

0
2317

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Баткендик блогер камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-мартында Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБне келип “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ОИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталат.

Ошол эле күнү тактап айтканда 25-март күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат.

Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын тургуну 33 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here